AVN







ЖАШТАР — МАМЛЕКЕТТИН ТИРӨӨЧҮ

ЖАШТАР —  МАМЛЕКЕТТИН ТИРӨӨЧҮ
 Nov 20, 2020  591

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти КРнын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушту.

   Студенттердин 17-ноябрь Эл аралык күнүнө карата  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Жогорку окуу жайлардын активдери менен министр Алмазбек Бейшеналиев менен онлайн жолугушууга уюштурулган. Жолугушууга  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин атынан Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары Зиябиддин уулу Искендер катышты.

Анда Алмазбек Бейшеналиевич  "17-ноябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө" карата жалпы студенттерге куттуктоосунда  “Жаштар — элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи! Биз заманбап билимге эгедер, билимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз. Ылайым эртеңки күндүн ээси болгон жаштардан улуттун жол баштоочулары, лидерлери көп чыксын деп тилек кылабыз” – деген тилегин билдирди.
Андан сырткары өлкөдөгү азыркы билим берүү багытындагы орчундуу маселелер талкууланып, суроо жооп менен уланды.