AVN

Эл аралык студенттер күнүн белгилөө жана “Мен ЖАМУну таңдадым-2020” кабыл алуу онлайн аземи

 Nov 19, 2020  527

 “17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүн” белгилөө жана “Мен ЖАМУну тандадым-2020” аталыштагы 1-курстарды студенттердин катарына кабыл алуу аземи пандемияга байланыштуу онлайн форматта өттү. Онлайн иш-чара Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адистери тарабынан уюштурулду.

 СИ жана МТ проректору А.Д.Доранова, “Ардактуу студенттер сиздерди студенттердин Эл аралык майрамы менен кызуу куттуктаймын, бекем ден-соолук, окууларыңарда албан ийгиликтер болсун, алдыга койгон тилек максатынар ар дайым ишке ашсын. Ал эми биздин университетти тандаган 1-курстарды “студент” статусуна ээ болушуңар менен куттуктап, тандаган кесибиңер боюнча жогорку деңгээлдеги кесипкөй, компетенттүү адис болуу үчүн талыкпаган мээнет жумшап терең билим алышыңарга тилектешмин. Кыргызстандагы эң алдынкы жогорку окуу жайлардын бешөөнүн бири катары эсептелген ЖАМУну тандап жаңылбагансыңар, анткени университеттин рейтинги ЖОЖдор арасында жогору, материалдык-техникалык базасы мыкты, санариптештирүү процесси жакшы жолго коюлган, китепкана фонду бай, студенттерге окуудан тышкары убактыларын пайдалуу жана максаттуу өткөрүү үчүн бөлүмдөр, борборлор жана институт иштеп келүүдө. Буйруса кырдаал жакшырып, кадимки режимде салттуу окуп баштасак эң башкы милдетиңер болгон окууңарды мыктылап окуйсңар, окуудан кийинки бош убактыңарды университетте уюштурулуп өткөрүлүп жаткан маданий-массалык, спорттук ж.б. иш-чараларда өзүңүздөрдүн активдүүлүгүнөрдү көрсөтөсүңөр деп терең ишенемин” - деген куттуктоо сөзүн арнады.

Бүгүнкү кырдаалга байлааныштуу аралыктан окуп жаткан студенттер өз сөздөрүндө, университетке келип кадимки режимде окууну сагынгандарын, окутуучулар менен бетме-бет  сабак өтүп, курбулары менен жакындан таанышышып, достошуп, бир топ иштерди биргеликте аткарып, коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө салымдарын кошушаарын    билдиришти.

  • Эл аралык студенттер күнүн белгилөө жана “Мен ЖАМУну таңдадым-2020” кабыл алуу онлайн аземи