AVN







КУТТУКТОО!!!

КУТТУКТОО!!!
 Nov 17, 2020  747

Кымбаттуу  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери!

Сиздерди бүгүнкү 17-ноябрь эл аралык студенттердин күнү менен чын дилден куттуктайм!

Билимдүүгө дүйнө жарык – демекчи мектептен алган билимиңерди тереңдетип, илимге суугарылып,  атайын адистикке ээ болуу менен өзүңөрдүн келечегиңерди түптөөдөсүңөр.  Келечек жаштардын колунда, биздин окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы берген билимди колдонуп, алган кесибиңер менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын чыңдайсыңар деген ишеничтебиз. Сиздер кесипкөй адис, мыкты инсан болуп калыптанып, Кыргыз элине кызмат кылсаңар биз сыймыктанабыз.

Учурдагы пандемияга байланыштуу окуу онлайн түрүндө уланып, студенттик дооруңар өтүүдө.  Бул кырдаалды туура кабыл алып, окууңарды улантуудасыңар. Ар бириңердин окуунарга, жеке жашооңорго ийгиликтерди каалайм. Талыкпай билим алып, кыргыздын чыгаан уул-кыздары болгула!

Сиздерди урматтоо менен ЖАМУнун ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович жана окуу жайдын эмгек жамааты.