AVN







“ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ”

“ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ”
 Nov 4, 2020  692

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан,  23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө, “КРнын мамлекеттик тили  жөнүндөгү “КРнын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына арналган, кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалап, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялаган, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган илимий, интеллектуалдык, маданий иш-чаралардын эки айлык иш планы иштелип чыгып бекитилген жана иш алып барылууда.

2020-жылдын 2-ноябрь күнү, улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Тилим жүрөгүмдө” аттуу акциясынын жыйынтыктоочу жыйыны И.Разаков атындагы КТУнун жыйындар залында онлайн түрүндө болуп өттү. Жыйынга университеттин МТ жана СИ боюнча проректору А.Д.Доранова катышты.

 Акция 2020-жылдын 14-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин өттү. Акциянын максаты: интернеттин дүйнөлүк тутуму аркылуу жайылтуучу видео материалдардын мазмуну аркылуу мамлекеттик тилдин кеңири мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө, мекенчилдик духту тарбиялоого, кыргыз тилине болгон сүйүүнү арттырууга багыттоо.  Жобого ылайык мамлекеттик тилди даңазалоочу, улуттук иденттүүлүктү, рухту, баалуулуктарды, тилге болгон сүйүүнү, кызыгууну арттырууга багытталган 1-3 мүнөттүк видео материалдар интернеттин дүйнөлүк тутуму аркылуу   бардык социалдык тармактарда (Фейсбук, Инстаграмм социалдык баракчаларында, Ютуб каналында) жарыяланды жана мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жиберилген. Университеттин ОПК жана студенттери жалпысынан 11 видео материал менен катышышкан.

Акциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Б.Осмонов атындагы ЖАМУга Ардак грамота жана китептер, баалуу белектер менен сыйланды.  Активдүү катышкан студенттерге, даярдаганга жардамдашкан профессор-окутуучуларга, өзгөчө “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасынын окутуучулары Н.Жалилова жана Г.Каленбековаларга жамааттын атынан терең ыраазычылык билдирилди.

  • “ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ”
  • “ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ”
  • “ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ”