AVN







Ч. АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ БОЛДУ

Ч. АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ БОЛДУ
 Dec 7, 2017  998

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 5-декабрь иш-чара болду. Ал ЖАМУнун Юриспруденция адистигинин окутуучулар жамааты жана студенттери тарабынан уюшулган. Ага конок катары социалдые иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгүл Доранова катышты.

Жогорудагы иш-чаранын алкагында жаштар улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып, ырлар ырдалып жана сүрөт көргөзмөсү орун алды.   Ошондой эле көрөрмандардын арасында викторина болуп, тапкычтар белектерге ээ болушту.

Аталган иш-чаранын максаты жаштарды туура жолго тарбиялоо. Анткени жазуучунун дээрик бардык чыгармалары жашоодон алынып, тарбия алуучу жана таасирленчү жагдайлар арбын экенин уюштуруучулар билдирди.