AVN







БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР

БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР
 Oct 27, 2020  570

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан ЖАМУнун ардактуу профессору, ф.и.д., профессор Зина Караеванын 70 жылдык юбилейине арналган «Бир дүйнө-түрдүү маданияттар” деген темада илимий практикалык  онлайн конференция уюштурулду.   Конференцияга  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекистан,  Шотландия,  АКШ, Индия, Россия ж.б. мамлекеттерден илимпоздор, аспиранттар, магистранттар  жана котормо таанууга, семиотикага, тарыхка, адабиятка жана маданиятка кызыккан жаш илимпоздор катышты.

 Төмөнкү секциялар боюнча илимий макалалар талкууланды.

 •  АКШнын жогорку билиминин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн негизги маселелери;

 • Лингвистикалык изилдөөлөрдүн жаңы багыттары;

 • Лингвистика жана семиотика дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр (Массалык маалымат каражаттарында, туризмде, искусство жана маданиятта, тил илиминде);

 • Россиядагы, АКШдагы, Батыш жана Борбордук Азиядагы тарыхый жана маданий концептуалдык изилдөөлөр;

 • Кыргызстандагы котормо таануу;

 • Тилдерди үйрөтүүдө жана окутууда инновациялык технологиялар.

Ошондой эле, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында, профессор Зина Караеванын жетекчилиги менен 2013-жылы уюштурулган “ Семиотика жана котормо” лингвистикалык илимий мектептин бөлүгү уюштурулду. Борбордун жетекчиси ф.и.к., доцент Гулмира Сатыбалдиева докторанттар,аспиранттар, магистранттар  жана котормо таанууга, семиотикага, тарыхка, адабиятка жана маданиятка кызыккан жаш илимпоздор менен илимий борбордогу маалыматтарды колдонуп, семинар, тренингдерди өткөргөнгө шарт түзүлдү.

  • БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР
  • БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР
  • БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР
  • БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР
  • БИР ДҮЙНӨ-ТҮРДҮҮ МАДАНИЯТТАР