AVN







ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
 Oct 27, 2020  641

        2020-жылдын 22-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик  университети жогорку  билим берүүнүн 7 багыты боюнча  программалык жана институционалдык аккредитациядан өттү. Аккредитацияны көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (НААР) өткөрдү.
      Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү.

Онлайн сапардын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчиси профессор              К.Ж. Усеновдун жеке интервьюсу, профессорлор, декан, институттун директорлору, структуралык түзүмдүн жетекчилери менен интервьюлар өткөрүлдү.

Ошондой эле студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышты. ЖАМУ  НААР  агенттиги тарабынан белгиленген стандарттарга ылайык даярдалып,   жогорку  билим берүүнүн 7  багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

 НААРдын жыйынтыктоочу отурумунда окуу жайдын андан ары өнүгүүсү  үчүн пикирлер орього салынып,  пайдалуу сунуштар айтылды.
 

  • ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
  • ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
  • ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ