AVN







ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ

ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ
 Oct 24, 2020  656

2020-жылдын 22-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик  университети жогорку  билим берүүнүн 7 багыты боюнча  программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүүдө.

Программага ылайык экинчи  күнү алгач окуу жайдын билим берүү программалары менен онлайн  таанышышты.

Андан соң кафедра башчылары, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдөн  интервью алынып, сурамжылоо жүргүзүлдү.

Студенттердин практика өтөөчү жайлары жөнүндө маалыматтар берилип, дарыкана, мектеп, оорукана жана ишканалар туурасында маалыматтар айтылды. ЖАМУнун студенттерине практика өтөөдө кандай шарттар түзүлгөн, кайсы мекеме-ишканалар менен иш алып барылаары маалымдалды.

Белгилей кетсек, ЖАМУ эл аралык  көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан онлайн түрүндө  өткөрүлүүдө.