AVN

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДОО

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДОО
 Oct 24, 2020  476

Өзбекстандагы Мирза Улугбек атындагы философия институту Казакстан, Дагестан, Кыргызстан, Таджикистан өлкөлөрүнүн окмуштууларынын катышуусу менен "Глобальные партнерство-как условие и гарантия устойчивого развития" аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Бул конференцияга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасынын доценти Г.Т.Токтогулова пленардык жыйында "Философский анализ просветительской мысли кыргызского народа" деген темада илимий баяндама жасады.

 Илимий баяндамада кыргыз элиндеги агартуучулук идеялардын калыптанышы, агартуучулук түшүнүгүнүн илимий анализи, агартуучулук түзүмү жана өзгөчөлүктөрү, кыргыз элинин агартуучулук идеяларынын спецификалык өзгөчөлүктөрү коңшу элдердеги агартуучулук процесстери менен салыштырылды.

Окулган баяндаманын тегерегинде бир топ суроолор берилип, доцент Г.Т.Токтогулова тарабынан жооптор берилди. Негизинен илимий конференцияда бир катар философиялык проблемалар тактап айтканда пандемия, илимди өнүктүрүү, жаштарды илимий чөйрөгө тартуу, ааламдашкан алкактагы илимдин багыты, илимий эксперменттерди биргеликте жүргүзүү сыяктуу маселелер ортого салынып, аны илимий негизде чечүү жолдору сунушталды.

  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДОО