AVN







МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ ӨЗ КЫЗМАТЫН УЛАНТУУДА

МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ  ӨЗ КЫЗМАТЫН УЛАНТУУДА
 Oct 23, 2020  785

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык пункту азыркы учурда эмгек жамаатка өз кызматын көрсөтүүдө. Медициналык пункттан окуу жайдын кызматкерлерге алгачкы медициналык жардам берилет.

Пункт бүгүнкү күндүн талабына жооп берет жана биринчи жардамга керектелүүчү жабдыктар, дары дармектер менен камсыздалган.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу кызматкерлерге короновирустун алдын алуу жана коргонуу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Медициналык пунктун врачы жана медайымы тарабынан ар бир иш бөлмөлөрдүн санитардык абалы текшерилип турат.– дейт врач Н. Ибраимова.

Азыркы кырдаалга байланыштуу жарандарды өздүк гигиенаны каргоого чакырабыз;

  • Беткап тагуу
  • Аралыкты сактоо
  • Колду тез-тез тазалап жуу
  • Бөлмөлөрдү желдетүү
  • Көп өлчөмдө суусундуктарды ичүү
  • Витаминдүү мөмө-жемиштерди көбүрөөк колдонуу
  • Массалык иш чараларга катышуудан оолак болуу (той, аш, эл көп чогулган жерлерге);

Медпункттан медициналык жардамга кайрылган кызматкерлерге булчун этке, кан тамырга жана асма укол, дары-дармектер куюлаарын кошумчалады врач .

  • МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ  ӨЗ КЫЗМАТЫН УЛАНТУУДА
  • МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ  ӨЗ КЫЗМАТЫН УЛАНТУУДА
  • МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ  ӨЗ КЫЗМАТЫН УЛАНТУУДА
  • МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ  ӨЗ КЫЗМАТЫН УЛАНТУУДА