AVN







ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ

ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 БАГЫТЫ БОЮНЧА  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ
 Oct 23, 2020  699

2020-жылдын 22-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик  университети жогорку  билим берүүнүн 7 багыты боюнча  программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүүдө.

Программага ылайык биринчи күнү алгач окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов менен интервью болду. Анда ректор университет жөнүндө жалпы маалыматтарды билдирип, буга чейин аткарылган жана алдыда аткарылуучу иштер тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Андан соң проректорлор менен интервью жүргүзүлүп, 4 проректор өздөрүнүн тармактары боюнча маалымат беришти. Ошондой эле бөлүм башчылар, декандар жана кафедра башчылары, окутуучулар жамааты  менен интервью болду.

Бул күнү окуу жайдын окуу корпустары, материалдык-техникалык базасы менен тааныштырылды.

Белгилей кетсек, ЖАМУ эл аралык  көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан онлайн түрүндө  өткөрүлүүдө.