AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Oct 23, 2020  513

Филология факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты улгайган жарандардын Эл аралык күнүнө карата аларды майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырышты.

Жалал-Абад шаарынын 5 улгайган тургунунан кабар алып, жашаган даректерине барып белектерин ыйгарышкан.

Аталган факультеттин деканы Гүлбарчын Орозбаева, жыл сайын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги  тарабынан улгайган жарандардын Эл аралык күнүнө карата жумалык жарыяланат. Жумалыктын алкагында эмгегин элге арнаган ардактуу ардагерлерден жана жашоо-шарты начар карыялардан кабар алып келебиз – дейт ал.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан ардагерлердин тизмеси жана жашаган даректери алынган. Факультеттин жалпы жамааты аларга күнүмдүк турмушта колдонуучу азык-түлүктөрдү алып беришти жана майрамы менен куттукташты” – дейт декан Г. Орозбаева.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА