AVN







ДИАЛЕКТИКА

ДИАЛЕКТИКА
 Oct 23, 2020  479

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти философия илимдеринин кандидаты Г.Т.Токтогулова  Баткен мамлекеттик университетинде конокто болуп, онлайн лекция өттү. Мындай маалыматты педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынан билдиришти.

Маалыматта Г.Токтогулова аталган окуу жайдын педагогика багынтында билим алып жаткан студенттерге  "Диалектика" темасында лекция окуганы айтылат.

Биздин окуу жайдын эмгек жамааты республикадагы жана чет мамлекеттердеги бир катар жогорку окуу жайлар менен кызматташып, тажрыйба алмашып келет. Мындай кадам окутуучулардын билим берүүдөгү тажрыйбасын жана жөндөмдүүлүгүн арттырат. ЖАМУнун жамааты кесипкөй адистерди даярдоодо ар тараптуу ыкмаларды колдонуу менен заманбап жаштарды өстүрүүдө. Андыктан жогорудагы максатты көздөп, Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окудум” – дейт Гүлжамал Токтогулова.

  • ДИАЛЕКТИКА