ЖАМУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 6 БАГЫТЫ БОЮНЧА ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТӨТ
Oct 22, 2020 793
2020-жылдын 21-23-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университети жогорку билим берүүнүн 6 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүүдө. Аккредитацияны көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (НААР) өткөрөт.
Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшөт.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышат. ЖАМУ (НААР) агенттиги койгон талаптарына жооп берсе, жогорку билим берүүнүн 6 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтөт.