AVN







ЖАШТАРДЫН ЭМГЕГИ “АРДАК” ГРАМОТАГА АРЗЫДЫ

ЖАШТАРДЫН ЭМГЕГИ “АРДАК” ГРАМОТАГА АРЗЫДЫ
 Dec 6, 2017  1192

«Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйынтыктоочу иш-чара 6-декабрь күнү  Барпы драм театрында болду.  Ага  ЖАМУнун студенттери да катышып, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Ардак” грамота алышты.

Алгач аталган иш-чарага катышкан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 150 студенти шаардык мэрия тарабынан уюшулган жөө жүрүшкө катышышты. Андан сырткары алар экстремиздин жана терроризмдин коомго тийгизген терс таасирин сахналаштырып элге тартуулашты. Жогорудагы иш-чаранын алкагында буга чейин аткарылган  иш-чараларга ЖАМУнун жаштары активдүү катышып келишкен.

Ал эми жаштардын жигердүүлүгүнө Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин облус боюнча өкүлчүлүгү баа берип, алгылыктуу аткарган иштери учүн ЖАМУнун Жаштар комитетин  “Ардак” грамота менен сыйлады.