AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Oct 16, 2020  647

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый -техникалык факультетинин Химия  кафедрасынын окутуучулары, карылар күнүнө карата  Жалал-Абад шаарындагы  СМУ микрайонунун Матросов 8/2 үйүнүн тургуну Жээнбаев Нурбек Абдыкаровичтен кабар алышып материалдык жардам көрсөтүштү.

Эл аралык карылар күнүн 1990- жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. 30 жылдан бери кыргыз эли бул күндү белгилеп, карыларга жылуу сөзүн айтып кадырлап келишет.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ар жылы улгайган жарандар үчүн жумалык жарыялап, анын алкагында алардан кабар алып, материалдык, моралдык жардам көрсөтүп келет.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА