AVN







КАСИЕТТҮҮ КАРЫЯЛАРДЫ УРМАТТАП....

КАСИЕТТҮҮ КАРЫЯЛАРДЫ УРМАТТАП....
 Oct 12, 2020  556

Эзелтеден эле улуу адамдарга өзгөчө сый-урмат тиешелүү болуп келген.Мында улуу салтыбыз  кылымдан кылымга сакталып,өз-маани-маңызын жоготпой бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат.Карысы бардын ырысы бар”-дегендей  намыстуу, касиеттүү карыялар башынан салт туткан элдин туткасы, кенешчиси болуп келген. Ата-бабаларыбыз карыларды урматтап “карыны кебин капка сал”-деп карыяларды төргө отургузушуп, кадырлап келишкен.

Бүгүнкү күндө карыларыбыздын атайын майрамы белгиленип,1-октябрь  Эл аралык карылар күнү деп табылган.30жылдан бери кыргыз эли да атайын бул майрам күнү карыларга жылуу сөзүн  айтып, жакшы тилектерин билдирип келет. Бул күнү кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес,турмуштун оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына,тунган ата-апаларыбызга,согуштун жана эмгектин ардагаерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү. Улуу муундун өкүлдөрү өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген, акыл-насааатынарды жана кеп-кенешиниздерди айтып  келесиздер.

Бул майрамга карата Жалал-Абад колледжинде да куратордук сабактар аралыктан (онлайн) өткөрүлүп, ЖАКтын бардык тайпаларында видеолор, слайддар даярдалды, улуу муундун өкүлдөрүнө арналып ырлар, көркөм окуулар айтылды .

Мындан сырткары, Октябрь айылындагы карылар үйүнө Жалал-Абад колледжинин социалдык иш адистигинин окутуучулары жана студенттери да эң жакшы каалоо-тилектерин арнап,мыкты ырларды ырдап,комузда кол ойнотуп,бийлерди тартуулап, колунан келген жардамын берип келишти.Окутуучулар жана студенттерге карылар үйүндөгү чоң ата,чоңапаларыбыз бата беришип узатышты.

  • КАСИЕТТҮҮ КАРЫЯЛАРДЫ УРМАТТАП....