AVN







КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
 Oct 9, 2020  1303

Кылымдардан келе жаткан “Улууну сыйлоо, карыны кадырлоо”  деген насаат багытындагы жөрөлгөлөр ушул кезге чейин муундан муунга уланып келе жатканы эн сонун коомдук көрүнүш. Айрыкча элибиздин ар бир социалдык шартында бул процесс байкалат. Мына ушул багытта билим берүү тармагында да алгылыктуу иш-чаралар жүрүүдө.

ЖАМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А. Д. Доранованын атайын иш-чараларды өткөрүү боюнча бир айлык буйрутмасына ылайык Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Баштагыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары да бул ишке өз салымдарын кошуп келет. Жакында аталган кафедранын доценти К.М. Ураимов тарабынан Пк-2-19 тайпасы менен “Карысы бардын ырысы бар” деген темада тарбиялык ачык саат өтүлдү.  Ага окутуучулар, студенттер абдан активдүү катышышып, сабак 1 саат 10 минутага созулду. Сабактын жыйынтыгында БББТМ кафедрасынын башчысы профессор С.С. Сакиева иш-чаранын абдан кызыктуу жана жандуу өткөндүгүн белгилеп, студенттерге окууларында ийгилик каалады.

  • КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
  • КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
  • КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
  • КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
  • КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР