AVN







И.РАЗЗАКОВ- КЫРГЫЗ ССРНИН ТУҢГУЧ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ

И.РАЗЗАКОВ- КЫРГЫЗ ССРНИН ТУҢГУЧ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ
 Oct 7, 2020  603

Баткен мамлекеттик университетинде И.Раззаковдун 110 жылдыгына карата өткөрүлгөн  “И.Раззаков- Кыргыз ССРнин туңгуч мамлекет башчысы” аттуу республикалык илимий-практикалык онлайн конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты Г.Т. Токтогулова катышты.

Конференцияда Г. Токтогулова “Исхак Раззаковдун коомдук ишмердигинин философиялык анализи” деген темада илимий баяндама жасады. Бул илимий баяндамада Исхак Раззаковдун жетекчи катары жетилүү эволюциясына, анын социумдагы ролунун өзгөчөлүгүнө, коомдогу эффективдүү жетекчилик функциясына жана   өзгөчөлүктөрүнө, коомдук-саясий ишмердигиндеги негизги факторлорго, аны жетекчи катары аныктоочу факторлорго, жетекчилик жана инсандык сапаттарына токтолуп, кыргыз коомунун  саясий тарыхында, карапайым калк ичинен чыккан  чыгаан инсан Исхак  Раззаковдун орду чоң экендигин баса белгилеп,  улуу инсандын  жаркын элесин унутта калтырбай   келечек муун  анын  өрнөктүү  өмүрүнөн сабак алып,  тарыхтын  так баасын  берип, илимий анализге алуу зарыл жана актуалдуу экендигине токтолду.

  • И.РАЗЗАКОВ- КЫРГЫЗ ССРНИН ТУҢГУЧ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ
  • И.РАЗЗАКОВ- КЫРГЫЗ ССРНИН ТУҢГУЧ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ
  • И.РАЗЗАКОВ- КЫРГЫЗ ССРНИН ТУҢГУЧ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ
  • И.РАЗЗАКОВ- КЫРГЫЗ ССРНИН ТУҢГУЧ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ