AVN







КУТТУКТОО!!!

КУТТУКТОО!!!
 Oct 1, 2020  1272

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ардактуу ардагерлери, урматтуу улгайган агай-эжекелер!  Сиздерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктаймын!

“Карысы бардын ырысы бар” – деп эзелтен элибиз айтып келген. Сиздер окуу жайдын калыптанышына, алдыга карай өнүгүшүнө талыкпаган эмгегиңиздер менен опол тоодой салым кошуп келесиздер. “Карынын кебин капка сал” – демекчи, сиздердин акыл насаатыңыздарды угуп, жаш муундарды тарбиялоодобуз.  Кыргыз элинин улуулугу улайган адамдарды урматтап, аярлоодо, сый урмат, камкордук көрсөтүүдө далилденип келет.

Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, балдарыңыздардын амандыгын тилейм. 1-октябрь карылар күнүндө гана куттуктап, эстебестен, ар убак сыйлайбыз, урматтайбыз. Кеменгер эмгегиңиздер, көөнөрбөс акыл-насаатыңыздар менен келечектин ээлерин тарбиялай бериңиздер!

Сиздерди урматтоо менен Усенов Кеңешбек Жумабекович