AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУРДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУРДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ
 Oct 1, 2020  647

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде КРнын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына арналган "Мамлекеттик тилдин учурдагы актуалдуу маселелери" аталышындагы республикалык онлайн илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны ЖАМУнун Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология.и.д. профессор К.Калчекеев ачып, куттуктоо жана баяндамачыларга сөз берилди. ЖАМУнун ректору т.и.д.профессор., КРнын Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, инженердик академиянын академиги К.Ж.Усенов куттуктоо сөз сүйлөп,  ЖАМУдагы мамлекеттик тил саясатынын актуалдуулугун колдоп,  конференциянын жалпы катышуучулардын Мамлекетттик тил күнү менен куттуктады.

 КРнын Президенттинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы профессор И.И.Ишекеев, КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы институттунун директору  КРнын Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, А.А.Аматалиевтер куттуктоо, баяндамаларды жасашты.

Жалпысынан конференцияга 70тен ашуун адам катышып, 31 баяндама куттуктоолор болду.  

  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУРДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУРДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ