AVN

“Эне тилим ыйык туткан сыймыгым! ” аттуу онлайн конференция

“Эне тилим  ыйык туткан сыймыгым! ”  аттуу онлайн конференция
 Sep 25, 2020  962

Биология кафедрасынын профессордук- окутуучулар курамы жана студенттер тарабынан “Кыргыз тили –мамлекеттик тил” күнүнө карата “Эне тилим  ыйык туткан сыймыгым! ”  аттуу онлайн конференция өткөрүлдү. Конференцияга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун СИ жана МТ боюнча проректору А.Д. Доранова жана ТТФнын деканы т.и.к., доцент Ж.Б. Шамиев чакырылды. Конференциянын ачылышында Биология кафедрасынын башчысы б.и.к. доц. К. Асанова, кафедранын тарбия иштери боюнча жооптуу улук окутуучу Д.Д. Курманбекова куттуктоо сөздөрүн айтышты. Б-1-17 тайпасынын студенти Калык кызы Эльдина “Кылымдарды карыткан кыргыз тилим – кыйырсыз сенден алам чексиз билим” жана  Б-1-18 тайпасынын студенти Бакытбек кызы Гүлдана “Эне тилим- эне сүтүм” аттуу баяндамалары угулду.

Андан ары кыргыз макалдарынын философиялык маанисин чечмелөөгө бардык катышуучулар активдүү катышты. Кыргыз тилдин баалуулугу, аны өркүндөтүү жана коргоо керектиги тууралуу студенттердин көркөм окуулары болду.

Онлайн конференцияны уюштурган Биология кафедрасынын кураторлоруна жана биздин студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз деп тарбия иштери боюнча жооптуу  улук окутуучу   А.Д. Курманбекова жана улук окутуучу А.С. Болотова маалымат беришти.

  • “Эне тилим  ыйык туткан сыймыгым! ”  аттуу онлайн конференция