AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ӨНҮГҮШҮНӨ КҮНҮГӨ КАМ КӨРӨЛҮ

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ӨНҮГҮШҮНӨ КҮНҮГӨ КАМ КӨРӨЛҮ
 Sep 24, 2020  601

Биздин замандын залкар педагогдорунун бири, орус окумуштуусу К.Д. Ушинский «О народности в общественном воспитании» деген макаласында [ Ушинский К.Д. // 11 томдуу чыгармалар жыйнагы –Т. 2. – М.–Л., 1948, б. 69–166.] мындай деп жазган экен: “Азыр жер бетинде жашоосун улантып жаткан ар кандай тарыхий эл, кудайдын жер бетине жараткан асыл заты, тарбияны ушул бай жана таза булактан гана сузуп алууга болот”.

Улуу окумуштуу бул макаласында жаш муундарды тарбиялоодо башка элдердин тар-биялоо тажрыйбасын түздөн түз колдонуу туура эмес экендигин далилдеп, мекен сүйүү сезимин өлкө кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткан учурда эле эмес, күңдөлүк тур-мушта, тынымсыз калыптоо зарыл экендигин баса белгилейт. Улуу тарбиячы “Тарбиялоо өзөктөрүнүн бири деп, балада өз улуту менен сыймыктана алуу, башка улуттарды сыйлай алуу жөндөмдүүлүгүн калыптоону түшүнөт. Бул татаал маселени: элинин нукура тарыхын, географиясын, жаратылышын, адабиятын, маданиятын жана башка баалуу-луктарын баланын өз эне тилинде окутуу менен чечүү мүмкүн” деп, эне тилин билбеген инсан, билими терең болсо деле өз элинин баалуулуктарын терең түшүнбөстүгүн таасын көрсөтөт.

Ойлонуп көрөлүчү, биз Кыргызстанда улуу педагог айткандай иштерди жетишээрлик денгээлде жасап жатабызбы?

Улуттун өзөгү болгон Кыргыз тилин саясатка айландырып, аны барктай албаган-дыгыбыздан, ал ЮНЕСКО нун тизмесинде жоголуп бараткан тилдердин катарына кошу-луп турганына ким күнөөлүү? Албетте Кыргыз элинин кайдыгерлиги, окумуштууларыныныкшоолугу,башкарган төбөлдөрдүн көпчүлүгүнүн тилдин өнүгүшүнө маани бербегендиги.

Кыргыз элинин нукура тарыхын, географиясын, жаратылышын, адабиятын, мада-ниятын жана башка баалуулуктарын окутуу үчүн өлкөдө эмдигиче: жаш ата-энелер, бала бакчалар, мектептер жана окуу жайлары үчүн кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгаруу саясаты, стратегиясы жок экендиги өкүнүчтүү.

Бул маселелерди Мамлекеттик тил күнүнө карата бир жылда бир жолку иш чара-ларды өткөрүп койуу менен чечүү мүмкүн эмес. Кыргызстандын ар бир жараны, күнүгө кыргыз тилине пайда алып келүүчү иштерди аткарып туруусу менен чечилээрин түшүнүп, ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин “Электр энергетикасы жана механика” кафедрасынын агай-эжекелериөздөрү окуткан ар бир окутум (предмет, дисциплина) боюнча кыргыз тилиндеги толук кандуу окуу китептерин, куралдарын иштеп чыгып, министрликтин энтамгасын (грифин), университеттин Окумуштуулар кеңешинин жактыруусун алуу менен басмаканадан басып чыгарууну иш мерчемдерине киргизип алып, алынын жетишинче аракетенишүүдө.

Жыйынтыктары жаман эмес. Кафедранын окутуучулары тарабынан 2015-2019- жылдар аралыгында Министрликтин энтамгасы менен кыргыз тилинде 3 окуу китеби басмадан чыгарылып, окуу жараянында ийгиликтүү колдонулууда. Кафедранын окутуу-чулары үчүн 2020-жыл да кыргыз тилинин өнүгүшүнө сезилээрлик салым кошкон, ийги-ликтүү жыл болду десек жаңылбайбыз. Быйылкы жылыкафедранын окутуучулары тарабынан Министрликтин энтамгасы менен кыргыз тилинде 1 окуу китеби басмаданчыгарылган болсо, 2 окуу куралы Университеттин Окуу-усулдук кеңешинде жактырылып, Окумуштуулар кеңешинин сунуштоосуу менен басмадан чыгарууга даярдалып бүттү.

ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин “Электр энергетикасы жана механика” кафедрасынын агай-эжекелеринин өздөрү окуткан ар бир окутум (предмет, дисциплина) боюнча кыргыз тилиндеги толук кандуу окуу китептерин, куралдарын даярдап, басып чыгаруу демилгеси өрнөк болуучу саамалык. Ар бирибиз ушул багытта тынымсыз аракеттенишибиз зарыл.

Жакында эле Табигый-техникалык факультетинин “Электр энергетикасы жана механика” кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор А.Аширалиев тарабынан “Инженердик жана компьютердик графика” дисциплинасы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эн тамгасы менен жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы катарында жарыкка чыгарылды.

ЖАМУнун Урматтуу жамааты! Кыргыз тилине Мамлекетик тил деген макам берген мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдык маарекеси менен куттуктайбыз!

Аталган маалымат Табигый-техникалык факультетинин Окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н.Б.Арстанбекова тарабынан билдирилди.