AVN







ТИЛИМ-ЖҮРӨГҮМДӨ

ТИЛИМ-ЖҮРӨГҮМДӨ
 Sep 24, 2020  593

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абада мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин эмгек жамааты (кураторлор) студенттер 23-сентябрь  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамынын кабыл алынганынын 31 жылдыгына арналган “Тилим-жүрөгүмдө” аталышындагы иш-чарага  карата куратордук  видео сабактарды даярдашты.

Мында студенттер  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө  жана тил саясатын  өркүндөтүүгө, кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалап, улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон   эне тилдин улуулугун даңктап,барктап, бийик деңгээлге көтөрүү-ар бир кыргыз атуулунун милдети. Демек эне тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып өнүктүрүп-өстүрүп туруу-бул биздин ыйык милдетибиз экендигин төмөндөгү  видео-роликтерден, кураторлордун, студенттердин ишетеринен көрө алабыз. Мындан тышкары, ЖАКтын педагогика жана социалдык иштер, табийгый-техникалык, юридикалык-экономикалык бөлүмдөрүнүн кураторлору ар бир тайпага Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата ”zoom” жана  “Jitsi meet”   тиркемелери аркылуу аралыктан (онлайн)  куратордук сааттарды өтүштү.

  • ТИЛИМ-ЖҮРӨГҮМДӨ
  • ТИЛИМ-ЖҮРӨГҮМДӨ
  • ТИЛИМ-ЖҮРӨГҮМДӨ