AVN

Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери

Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери
 Sep 23, 2020  628

23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан уюштурулган «Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү» аталышындагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн конференция болуп өттү. Конференцияны КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевалып барды.

Мамлекеттиктил–улуттук маданияттын башаты, улуттун жүзү, баалашуунун жана карым-катнаштын өзгөчө аспабы. Бүгүнкү күндө тилибизди аздектеп сатоо, өнүктүрүү, өркүндөтүү учур талабы жанакелечек муунга көздүн карегиндей таза, тунук нукуралуулугу менен өткөрүп берүү биздин милдет экендигин жана бүгүнкү майрамменен кызуу куттуктоолорун куттуктоо сөзгө чыккан КРнын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы К,Б.Базарбаев, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Ж.У.Саралаева, КРнын Билим берүү жана илим минстри К.А.Исаковдор билдиришти.

Эл аралык конференцияда мамлекеттик тилдин учурдагы актуалдуу маселелери, жетишкендиктери, көйгөйлөрү жөнүндө, ошондой эле санариптик жана онлайн окутууда мамлекеттик тилдин маселелеринин абалы, мүчүлүштүктөрү, пайдасы, келечеги жөнүндө, «Жасалма интеллект жана кыргыз тили» баяндамасында «Улут Софт» коомдук уюмунун жетекчиси М.Окенов;«Сариптик билим берүү - өлкөнүөнүктүрүүнүн жаңы баскычы» баяндамасында КРнын билим берүү академиясынын президенти А.Т.Токтомамбетов;«ЖОЖдордо онлайн окуу: Мүмкүнчүлүктөр жана мүчүлүштүктөр» баяндамасында Н.Назарбаев университетинин профессору (Казакстан) Д.Шаматов; «Пост-совет өлкөлөрүндөгү тил саясатынын негизги маселелери» баяндамасында Паннония университетинин тил саясатын изилдөөчү (Венгрия) А.Мамбеталиев;«Кыргыз тилин өнүктүрүүдө түрк тилинин тажрыйбаларынан пайдалануу» баяндамасында Ардахан университетинин коомдук илимдер жана адабият факультетинин доценти (Туркия) М.Орозбаев; «БААУда кыргыз тилин  заманбап усулдар аркылуу окутуунун тажрыйбалары» бндамасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, эркин өнөр жай жана илимдер факультетинин деканы Д. Карабаевдер б маанилүүбаяндамаларын ортого салышты. 

Эл аралык конференцияга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д.Доранова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы ф.и.д.,профессордун м.а. К.Б.Калчекеев, «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы, ф.и.к.,профессордун м.а. А.Оморов, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова, ф.и.к., доцентД.М.Чокоева, ага окутуучу А.Шерипбаевдер катышышып маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын угиверситеттин СИ жана МТ боюнча проректору А.Д.Доранова билдирди.

  • Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери