AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!
 Sep 23, 2020  1208

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Урматтуу  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 31 жылдыгы менен  куттуктайм!

Кыргыз тили — мамлекеттик тил деген статуска ээ болгонуна быйыл 31 жыл толду.

Баарыӊыздарды ушул маанилүү маараке менен чын дилимден куттуктайм.

Мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан  “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы — өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон.

Улуттун улуулугу  өз эне тилинде баарлашып, пикир алмашуусунда. Улуу тилибиздин жоголбой сакталып калуусуна салым кошуу ирээтинде  окуу жай бардык иш кагаздарын эне тилде жүргүзүп келет. Андан сырткары кыргыз тил мугалими адистигин даярдап, өлкөнүн ар аймактардагы  мектептерде бир катар бүтүрүүчүлөрүбүз эмгектенүүдө. Мындай кадам менен университеттин жамааты эне тилибиздин өнүгүшүнө зор салым кошууда десем болот. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер баа жеткис, сыймыктуу.

Баарыңыздарга ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Эне тилибизде баарлашып, кыргыз деген улуу элдин урпагы кылымдарга улана берсин деп тилейм!

 Жалпыңыздарды кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктайм!

Сиздерди урматтоо менен Усенов Кеңешбек Жумабекович