AVN







ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ

ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ
 Sep 18, 2020  1901

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамилекеттик университетинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдыгына карата ЖАМУнун факультет жана колледждеринде билим алып жаткан талантуу студенттер менен биргеликте азыркы кырдаалды эске алуу менен чакан видео роликтер даярдалды. Иш-чараны ЖАМУнун маданий-эстетикалык борбору уюштурган.

Эне тил... Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден  өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Анткени, түйүлдүк кезинен баштап, жарык дүйнөгө келгичекти ымыркай эң алгач энесинин үнүн, демин сезип, “Баа” деп бакырып жерге түшөөр замат эне сүтүн оозанат. Эне менен эне тил... Бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып, бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтүндөй дүйнөнүн түркүгү да ушулардыр.

Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар.  Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөн менен барабар, Эне тилинде  ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөн менен барабар. Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чанган менен барабар. Ошондуктан, Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

  • ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ
  • ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ
  • ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ
  • ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ
  • ТИЛ- УЛУТТУН ЖАНЫ