AVN







“ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ ЖОЛ ЖОК!”

“ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ  ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ ЖОЛ ЖОК!”
 Dec 4, 2017  1059

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 30-ноябрь күнү “Диний экстРемизмге жана терроризмге жол жок!” аталышындашгы иш-чара болду. Ага конок катары казыяттан, Улуттук коопсуздук кызматынан өкүлдөр жана шаардык Жаштар комитетинин төрагасы келди. Иш-чарага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы тема боюнча баяндамалар жасалды. Андан сырткары студенттер экстремизм жана терроризмдин коомго тийгизген таасирин, зыянын жана ага байланышкан маселелерди сахналык көрүнүштөр менен чагылдырып беришти.

Келген коноктор жаштарга ислам дини тууралуу маалыматтарды берип, коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө, ар кандай агымдарга кошулбоого үндөштү.