AVN







2017-жыл, Ыйман, адеп жана маданият жылы!

2017-жыл, Ыйман, адеп жана маданият жылы!
 Apr 4, 2017  1888

2017-жылдын 3-апрелинде, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын түзүлгөндүгүнө 94 жылдыгына жана ЖАМУнун түзүлгөнүнө 24 жылдыгына карата салтанатуу жыйын болду. Жыйында ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор, илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты К.Ж.Усенов, университеттин жалпы жамаатын жана студенттерди жылуу куттуктап, бакубат ден соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалоо менен, университеттин келечеги үчүн талбай салым кошо бериштерине тилектештигин билдирди.

Салтанаттын соңунда "2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында, Кыргыз элинин маданий-эстетикалык дүйнөсүн, адеп мурастарын, үрп-адат жана каада-салттарын кеңири жайылтуу максатында "Адеп, ыйман, маданият - билимдүүгө жанган чырак" - деген аталыштагы факультеттер жана колледждер аралык өткөрүлүп жаткан иш чараны, Педагогика жана маалыматтар технологиясы факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты кызыктуу программада концерт тартуулашты.