AVN







ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК
 Sep 1, 2020  580

Жалал-Абад мамлекеттик университети жаңы 2020-2021-окуу жылына  толук даяр.  Мындай билдирүүнү окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев билдирди.

 Быйылкы окуу жылы эпидемиологиялык кырдаалга жараша онлайн форматта  башталды. Андыктан университеттин профессордук-окутуучулар курамы жаңы окуу жылына онлайн сабактарды даярдашты. Өткөн окуу жылдын экинчи жарымын  онлайн түрүндө улангандыгына байланыштуу, окутуучулар бир топ тажрыйба топтой алышкан.

Антсе да,  буга чейин окутуучулар, кызматкерлер  КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аралыктан окутууда интерактивдүү технологияларды колдонуу менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган вебинарларга, семинарларга катышты. Окутуучулук-профессордук курам бүгүнкү күндө аралыктан окутууда  билим берүүнүн  эффективдүүлүгүн кантип арттыра  алабыз деген максатта иш  алып барышууда – дейт Алибаев.