AVN







БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

БИЛИМ  КҮНҮҢҮЗДӨР  МЕНЕН!
 Aug 29, 2020  1979

 Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты, кадырлуу кесиптештерим, кымбаттуу илим-билимге умтулган келечек ээлери - студенттер!

Сиздерди жаңы 2020-2021-окуу жылынын башталышы менен куттуктайм!

Улуттук майрамыбызга удаа келген "Билим күнү" биз үчүн салтанаттуу сааттардын, кубанычтуу күндөрдүн уландысы катары сезилет. Кирип келген жаңы окуу жылында баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм! Бул окуу жылы бүт бардыгыбызга көптөгөн жагымдуу сезимдер менен жаңы таасирлерди алып келсин!

Ар бир адам өмүр бою ушул эң негизги жана толкундатчу күндү - Билим күнүн - эч качан эсинен чыгарбайт. Дал ушул 1-сентябрда – жаңы жашоо, жаңы максат, жаңы жоопкерчилик, жаңы сезим-туюмдар башталат.

 Кымбаттуу абитуриенттер, башкалардан айырмаланып жашоо үчүн ар кандай оор жумуштарды жасабастан, тескерисинче өзүңүздөр тилек кылып, эңсеген кесибиңерди тандап, анын ээси болгону жатасыздар. Демек, сиздер эртеңки жашооңуздарда, өзүңүздөр сүйгөн кесип менен алектенип күн өткөрүү артыкчылыгына эгесиздер.

Быйылкы окуу жылы башка жылдардан айырмаланып, онлайн түрүндө башталат. Өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу Сиздердин терең билим алууңуздарга Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү, Билим берүү жана илим министрлиги, окуу жайдын эмгек жамааты биргеликте болгон шарттарды түздүк.  Билим алуунуздар үзгүлтүккө учурабай, жаны технологиялар, жаңы шарттар аркылуу билимиңерди өркүндөтүп, билим алуунун жаны баскычтарын өздөштүрөсүңөр. Бир кылымдык тарыхы бар университет жаштардын заманбап билим алуусуна шарт түзүп, толук кандуу санариптештирилген. Учурда өзүңүздөр көргөндөй сырткы көрүнүштөрү да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул да болсо студенттердин терең билим алуусуна, кесиптештеримдин талыкпай изденип илим изилдөөлөрүнө эргүү берет.

Ардактуу биздин абитуриенттер, алган билимиңерди тереңдетүү менен окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы  Сиздерди  илимге, билимге  суугарат. Келечектин кесипкөй, мыкты адиси болушуңарга жол көргөзөт. Сиздер мыкты заманбап окуу жайды тандоо менен кесипкөй ар тараптуу адис болуп чыгасыңар, келечегинер жаркын болот деп ишенем, ошону чын дилимден каалайм.

Акырында улуу ойчулдарыбыздын: «Алыс сапарга чыкканда дем алууну ойлонбогон адам, эч качан чарчабайт» деген сөзүн айткым келип турат. Урматтуу студенттер, кымбаттуу менин жаш досторум, бүгүнкү майрамыңыздарды куттуктоо менен, сиздердин эс алуу  жөнүндө ойлонбостон, талыкпай билим алышыңыздарды, оюн-күлкүгө тойбой жаштыктын эң сонун доорун эртеңки күнү өкүнүп калбагандай кылып өткөрүшүңүздөрдү каалайм.

Сиздерди урматтоо менен   ЖАМУнун ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович