AVN







ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
 Aug 29, 2020  753

     Урматтуу Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери!

     Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилден куттуктайм!

     Кымбаттуу кесиптештер мамлекетибизге ак кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө, элибиздин жаркын жашоосуна бардык күч-аракеттериңиздерди, билимиңиздерди жана жөндөмүнүздөрдү жумшап келе жатасыздар. Аткарган ар бир ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштоп жүрсүн.

    Ардактуу студенттер, силер эркин жана бакубат өлкөнүн балдарысыңар , улуу урпактарыбыздын баа жеткис белегин көздүн карегиндей сактап, үмүттөрүн ишке ашырышыңар  керек. Ооба, эгемендүүлүк күнү чындыгында өлкөбүздүн, элибиздин тарых барактарындагы өзгөчө бир барагы, кылымдап кыялданган улуу кыргыз элинин кыялы.  Сиздердин араңыздардан улуу элдин урпагын улап кеткен чыгаан жаштар чыгаарына ишенем, окууларыңарга жана жеке жашооңордо жетишкендиктер арбын болсун!

     Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана амандык, иштериңиздерге ийгилик каалайм!  Кыргызстаныбыз коп кылымдар желегин желбиретип, элибиз аман-эсен, улутубуз, тилибиз жана салтыбыз жоголбосун!

Сиздерди урматтоо менен   ЖАМУнун ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович