AVN







МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИЛДИ

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИЛДИ
 Jun 30, 2020  925

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин жалпы жамаатына  КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ыраазычылык” каты  ыйгарылды.

Калктын саламаттыгын сактоого сиңирген эмгектери, областын коомдук иштерине активдүү катышкандыктары, Коронавирус инфекциясын жайылтпоого жана ага каршы күрөшүүдө жараткан эмгектери үчүн аталган эмгек жамаатка облустун өкүлү тарабынан ыраазычылык билдирилген.

Белгилей кетсек, аталган колледжде 80ден ашуун кызматкер эмгектенип, жаш адистерди даярдоодо өз эмгектерин арнап келишет.