AVN







КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ

КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
 Jun 25, 2020  823

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде учурдагы кырдаалга байланыштуу окуу корпустарынын  жана жатаканалардын санитардык абалы текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүү окуу жайдын мед пунктунун дарыгери Нурсулуу Ибраимова тарабынан жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда антисептиктер, температура өлчөөчү аппараттар менен камсыздалуу  жана эшиктердин туткаларына хлорлонгон материалдардын байлангандары көзөмөлгө алынган.

Жалпы кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында жана корона вирустун жайылышын алдын алуу үчүн бүгүнкү рейдди уюштурдук. Негизинен бардык коюлган талаптар аткарылган. Мындай текшерүүлөр мындан ары да улантылып турат” – дейт Н. Ибраимова.

Рейдди окуу жайдын админстративдик-чарба боюнча проректору Салмоорбек Уметов, башкы инженер Макамбай Осмонов жана дарыгер Нурсулуу Ибримовалардын демилгеси менен жүргүзүлгөн.

  • КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
  • КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
  • КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
  • КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ