AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ӨЗ АЛДЫНЧАЛУУЛУККА ҮЙРӨНӨТ

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ӨЗ АЛДЫНЧАЛУУЛУККА ҮЙРӨНӨТ
 Dec 4, 2017  893

ЖАМУнун кичи жыйындар залында 30-ноябрь күнү окуу-усулдук кеңешинин кенейтилген отуруму болуп өттү. Отурумду окуу-усулдук кеңештин төрагасы т.и.д. профессор Атабек Алибаев ачып, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу маселесине токтоло кетти.

Атабек Алибаевдин айтымында бүгүнкү күндө студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу месалесинде бир топ көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. Ошондой эле өз алдынча иштердин негизги максаты студенттерди өзүнүн академиялык ишмердүүлүгүн өз алдынча башкарууга үйрөтүү керек экендигин айтып өттү.

Отурум панендик талкуу түрүндө болуп, п.и.к. доцент Бариса Турдубаева өзүнүн командасы менен “Натыйжага багытталган студенттердин өз алдынча ишмердигин уюштуруу” деген темада иш планын алып чыгып ойлорун ортого салышты.

Талкуу учурунда катышуучулар кызыктырган суроолорун беришип, студенттердин өз алдынча иштерин, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууну негизги резерв катары кароо керек экендигин баса белгилешти.

Отурумдун соңунда кийинки жыйында каралуучу маселелер такталып, тиешелүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.