AVN







241 БҮТҮРҮҮЧҮ ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ

241 БҮТҮРҮҮЧҮ ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ
 Jun 15, 2020  735

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2019-2020-окуу жылындагы бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөрүн жумушка бөлүштүрүү боюнча иш чара болуп  өттү. Иш чараны уюуштуруучулар “Өндүрүштүк практика жана карьера” бөлүмүнүн адистери Жолдошалиева Н.С., Бабакулова Ч.М.

          Бул иш чарага бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөрдү жумушка бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы; Жалал-Абад колледжинин директору п.и.к., доцент Турдубаева Б.М. Филология факультетинин деканы ф.и.к.,доцент  Орозбаева Г., Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  минстрлигинин укуктук камсыз кылуу жана кадр иштери башкармалыгынын адиси Мамбетакунова Н.Б., Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун мектеп бөлүмүнүн башчысы Эргешов Ш.М. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Камбаралиева Ж., Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Койчуманова Ч., Ноокен райондук билим берүү бөлүмөнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Борбиева Г.,   кафедранын жана бөлүмдүн бүтүрүүчүлөр боюнча иш алып барган  жооптуулары, Филология факультеттинин бюджеттик негизде окуган кыргыз  тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, немец  тили жана адабияты, англис тили жана адабияты адистиктеринин студенттери, ПМТФнын башталгыч билим берүүнүн теориясы  жана методикасы, физика, математика, информатика адистиктеринин студенттери, ТТФнын биология, география, химия адистиктеринин студенттери, ЖАКтын башталгыч класстардын мугалими адистигинин студенттери катышты.

Иш чараны  окуу бөлүмүнүн башчысы б.и.д., профессор Сакбаева З.И. ачып катышуучуларга ыраазычык билдирип, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады. Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  минстрлигинин укуктук камсыз кылуу жана кадр иштери башкармалыгынын адиси Мамбетакунова Н.Б. бүтүрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Ошондой эле Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун мектеп бөлүмүнүн башчысы Эргешов Ш.М. областагы мектептердин вакант орундары боюнча кенири маалымат берди.

ЖАМУда   2019-2020-окуу жылында бюжеттик негизде билим алган 241 бүтүрүүчү жумуш орундарга бөлүштүрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү жумуш орунга бөлүштүрүү аралыктан жүргүзүлдү.

      Ага активдүү катышкан жооптуурлар: ЖАК- Айылчиева Н., химия-Маматураимова Н., география-Керимбекова А., информатика-Төрөгулова Р.  кыргыз тили жана адабияты - Шерикбаев А. англис тили жана адабияты –Торобекова М. Башталгыч билим берүүнүн теориясы  жана методикасы-Мокуева Н. Орус тили жана адабияты -Жамашова Н.  ЖАМУ да бүтүрүүчүлөрдү жумуш орунга  бөлүштүрүүнү        “Өндүрүштүк практика жана карьера” бөлүмүнүн башкы адиси,  бүтүрүүчүлөрдү жумушка бөлүштүрүү боюнча жооптуу Жолдошалиева Н.С. көзөмөлдөдү.

  • 241 БҮТҮРҮҮЧҮ ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ
  • 241 БҮТҮРҮҮЧҮ ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ
  • 241 БҮТҮРҮҮЧҮ ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ