AVN

Иш берүүчүлөр менен Негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана педагогикалык байланыш

Иш берүүчүлөр менен Негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана педагогикалык байланыш
 Jun 12, 2020  796

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан “ЖАМУнун иш берүүчүлөр менен педагогикалык кызматташтыгы” деген темада онлайн формасында ZOOM программасы аркылуу  талкуу болуп өттү. Талкууга БатМУнун профессор-окутуучулар курамы, Баткен, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларындагы шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, мектептерден окуу бөлүмүнүн башчылары, Ош областынын айрым мектептеринен окуу бөлүмүнүн башчылары, мугалимдер, Ала-Бука, Токтогул, Аксы, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунун райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы усулчулары, директорлор, окуу бөлүмүнүн башчылары жана башталгыч класстардын мугалимдери ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин окутуучулар курамы катышышты.

Талкууну ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев ачып, ал өз сөзүндө мындай саамалык санариптештирүү жылына дал келип, учурдагы кырдаалга байланыштуу жана НББПнын (ООП) талаптарына ылайык уюштурулуп жаткандыгын белгилеп кетти.

Андан кийин сөз алган БББТМ кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С. Сакиева бул иш-чара буга чейин да жалпы ЖАМУнун алкагында уюшулуп, анда иш берүүчүлөр менен атайын түзүлгөн Негизги билим берүү программаларын (НББП) талкуулоо болгондугун айтып өттү. Ар кайсы аймактан келип катышып жаткан конокторго сөз берилди.  Алсак, Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы У.Э. Жунусова, Ала-Бука районундагы №11 Р. Кулуев атындагы орто мектебинин директору А.К.Мамбетова, Ош областынын Ноокат районундагы Борбаш б.б.м. башталгыч класстарынын орус тили мугалими А. Юсупова,  Таш-Көмүр шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын окуу бөлүмүнүң башчысы Н.К.Алтынбаева, Жалал-Абад шаарындагы №13 Р. Азимов атындагы орто мектебинин директору Э.А. Кушубакова, ушул эле шаардагы №4, №21, №17 орто метептеринин  окуу бөлүмүнүн башчылары, башталгыч класстарынын мугалимдери болушту. Алар Башталгыч билим берүүнүн методикасы жана педагогика багытындагы адистиктер үчүн заман талабына ылайык иштелип чыккан Билим берүү программасындагы маселелерге токтолушту жана бүгүнкү күндөгү бүтүрүп барып иштеп жаткан адистер боюнча актуалдуу бир топ аткарылуучу жумуштардын үстүндө талкуу жүргүзүшүп, методикалык-теориялык жактан дагы издене турган жактар бар экендигине токтолушту. Талкууга катышкандар тарабынан он-лайн талкуу эң зарыл учурда уюштурулгандыгы айтылды. Иш-чараны уюштурган БББТМ кафедрасынын жамаатына жана модератор доцент, п.и.к. К.М. Ураимовго терең ыраазычылыктарын билдиришти.    

  • Иш берүүчүлөр менен Негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана педагогикалык байланыш