AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юридика илимдери боюнча Диссертациялык кеңеш ачылды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юридика илимдери боюнча  Диссертациялык кеңеш ачылды
 Jun 11, 2020  1122

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун 2020- жылдын 30 - апрелиндеги № 038 токтомунун (№ 3 д/с – 4/11 протоколу) негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 11-май 2020- жылдагы №17 буйругу менен  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, К.Токтомаматов атындагы  Эл аралык университети жана Кыргызстан эл аралык университеттерине  караштуу Д 12.20.614. сандуу Юридика илимдери боюнча  Диссертациялык кеңеш ачылды.                                                                          Диссертациялык кеңеш төмөнкү адистиктер боюнча диссертациялардын коргоосун өткөрүүгө укуктуу:

  1. Адистиктин шифры 12.00.02 Конституциялык укук; муниципалдык укук -  юридика илимдеринин доктору ( кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн;
  2. Адистиктин шифры 12.00.01 Укуктун жана мамлекеттин теориясы жана тарыхы; укук жана мамлекет жөнүндө окуулардын тарыхы -  юридика илимдеринин  кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн;
  3. Адистиктин шифры 12.00.06 Жаратылыш ресурстар укугу; агрардык укук; экологиялык укук - юридика илимдеринин  кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн.

Ачылган  Д 12.20.614. сандуу юридика илимдери боюнча  диссертациялык кеңештин төрагасы юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Анисович Арабаевдин жана кеңештин мүчөөлөрүнүн андан аркы иштерине ийгиликтерди каалап кетебиз!!!