AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Jun 11, 2020  714

Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын 1- курстары БАСк-2-19, ПОВТАСк-2-19 тайпаларынын ата-энелери менен жыйналышы онлайн түрүндө Jitsi Meet тиркемеси аркылуу болуп өттү. Жыйналыш кураторлор Л.Тагаева. К.Омуралиева тарабынан өткөрүлдү.

Жыйында ПЦК башчысы сөз сүйлөп, жыйынга катышып берген ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Студенттердин онлайн сабакка катышуу, жетишүүлөрү тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Жеңиш ырын ырдайбыз” атуу студенттер арасында өткөн республикалык онлайн фестиваль-сынагына катышып, монолог окуу боюнча жеңүүчү аталган 3-орунду ээлеген студентибиз  БАСк-2-19 тайпасынын студенти Арапбаев Кудайбердини жалпы окутуучулар жамаатынын атынан куттуктоолор айтылды.

Ар бир ата-эне балдарынын терең билим алуусу үчүн кураторлор менен тыгыз байланышта болууларын белгилеп өттү.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ