AVN







ЖАМУДА ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ БИР АДАМГА КӨБӨЙДҮ

ЖАМУДА ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ БИР АДАМГА КӨБӨЙДҮ
 Jun 11, 2020  649

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык юридикалык факультетинин окутуучусу Гульчехра Абдырахманова экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына  ээ болду.

Г. Абдрахманова ЖАМУнун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы, экономикал илимдеринин доктору, профессор Аманкул Зулпукаровдун жетекчилиги астында илимин жактаган. Аткарган илимий иштери жогорку аттестациялык комиссияда каралып, экономика илимдеринин кандидаты даражасын алды.

Экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын тастыктаган дипломду окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов тапшырып, илим жолунда ийгиликтерди каалады.

  • ЖАМУДА ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ БИР АДАМГА КӨБӨЙДҮ