AVN







АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА...

АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА...
 Jun 8, 2020  690

ЖАМУда учурдагы кырдаалга байланыштуу бардык иш-чаралар онлайн формасында өткөрүлүп келет. ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы дээрлик баары “ZOOM” программасын жакшы өздөштүрүшүп, ачык сабактар да ушул багытта жүргүзүлүүдө. ПМТФнын “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М. Ураимов П-1-17, Пк-2-17 тайпаларына “Тарбиялоонун теориясы жана методикасы” дисциплинасынан “Жаш мугалимге педагогикалык кеңеш” деген темада лекция окулду. Сабакка катышкан студенттер тарабынан лекторго ар түрдүү кызыктуу суроолор берилип, канааттандыраарлык жооптор алынды.

Сабакка катышкан профессор С.С. Сакиева баштаган окутуучулар лекторго ийгилик каалоо менен сабакты жакшы деп баалашты. 80 мүнөткө пландаштырылган онлайн сабак кызыктуу жандуу өтүп, өз максатына жетти-деп билдирди кафедранын ассистент-окутуучусу Раимкул кызы А.

  • АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА...
  • АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА...
  • АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА...
  • АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА...