AVN







СООЛУБАСЫН ҮМҮТТӨР

СООЛУБАСЫН  ҮМҮТТӨР
 Dec 4, 2017  976

Барпы драм театрында 1-декабрь күнү 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун Эл аралык  күнүнө карата иш-чара уюшулду. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттери күбө болушту.

Анда “Соолубасын үмүттөр – 2017” аттуу кайрымдуулук концерт жана марафон болуп, аярлуу катмардагы жарандар таланттарын тартуулашты.

Марафонго ЖАМУнун жалпы жамааты 5000 (беш миң) сом акчалай жардам көргөздү.   

Андан сырткары Жалал-Абад азиздер жана дүлөйлөр коомуна ЖАМУнун жамааты 5000 (беш миң) сом, профессор Ж.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты 3500 (үч миң беш жүз) сом жана ПМТФнын деканы Сапарбек Ажикулов 500 (беш жүз) сом акча каражатын жардам катары ыйгарышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 2017-жылдын 15-ноябрдан 15-декабрга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн “Биз баарыбыз теңбиз” аттуу бир айлык өнөктүгү жарыяланган.