AVN

ПРОФЕССОР А.С. САТЫВАЛДИЕВ ХИМИКТЕРГЕ ОНЛАЙН КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРДҮ

ПРОФЕССОР  А.С. САТЫВАЛДИЕВ ХИМИКТЕРГЕ  ОНЛАЙН КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРДҮ
 Jun 6, 2020  755

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин химия адистигинин студенттерине  химия илимдеринин  доктору, профессор,  Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, И.Арабаев атындагы  КМУнун  химия жана анны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы Сатывалдиев Абдураим  "Нанотехнология жана анын перспективалары" темасында  онлайн конок лекция окуду. Конок лекцияга ЖАМУнун студенттери, окутуучулары жана ОшМУнун,  И.Арабаев атындагы КМУнун химик окутуучулары катышышты.

Алгач конок лекциянын башталышында химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова  профессор А.С.Сатывалдиевдин өмүр баяны, педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады.

Профессор Ленинград (азыркы Санк-Петербург) шаарындагы  бүткүл дүйнө тааныган химиянын, химиялык технологиянын, биотехнологиянын, нанотехнологиянын илимий борбору болуп эсептелинген Ленсовет атындагы технологиялык институтту бүтүрүп, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Ош технологиялык университетинде, азыркы учурда  И.Арабаев атындагы КМУнун  химия жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип келүүдө. Профессор А.С. Сатывалдиевдин жетекчилиги менен 9 аспирант диссертацияларын коргошуп, химия илимдеринин кандидаты деген илимий даражаны алышып,  Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эмгектенип жатышат, алардын ичинен ЖАМУнун химия кафедрасынын доценти Т.Р.Барпыбаев да А.С.Сатывалдиевдин жетекчилигинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.  

Профессор А.С.Сатывалдиевдин жетекчилиги  астында азыркы учурда  5 аспирант, 2 докторант диссертациялык изилдөө иштерин аткарып жатышат.  Илимий  изилдөө иштери менен  Америка Кошма Штаттарынын Небраски-Линкольн университетинде, Япониянын Кумамото университетинде илимий иш сапарларында болгон.

И. Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы «Манас» Кыргыз-Түрк  университетинин химиялык инженерия жана өсүмдүктөрдү   коргоо бөлүмдөрү жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биотехнология жана химия кафедрасы  менен бирге 2016- жылдан бери Жездин жана күмүштүн биологиялык активдүү нанокүкүмдөрүн синтездөө” темасында Билим берүү жана илим министрлиги финансылаган долбоор  боюнча илим изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

Нанотехнология – илимдеги жана технологиядагы жаңы багыт.

Нано бөлүкчөлөрдүн жана наноматериалдардын синтези, анализи

жана изилдөөсү менен байланышкан фундаменталдык жана практикалык илимдердин жана техниканын дисциплиналар аралык багыты- нанотехнология экендиги өз лекциясында баса белгилөө менен, лектор

нано бөлүкчөлөрдү синтездөө методдору, анын ичинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия кафедрасындагы наноматериалдарды алуу үчүн колдонулган электр учкундук дисперстөө жана химиялык калыбына келтирүү методдору жөнүндө жана  ал методдордун өзгөчөлүктөрү боюнча студенттерге  кеңири айтып, түшүндүрүп  берди.

Онлайн лекциянын соңунда окутуучулар жана студенттер тарабынан лекторго суроолор берилип, жооптор алынды. Мындан сырткары профессордун студенттер менен кеңири баарлашуу болуп, билим берүү, тарбия жаатындагы маселелер талкууланды.

Соңунда кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова профессор А.Сатывалдиевге  окутуучулардын жана студенттердин атынан  ыраазычылыктарын билдирүү менен эки окуу жайдын ортосундагы өз ара кызматташуу  мындан  ары да улана бере турганына токтолуп,  видео конференцияны (онлайн лекция)  жыйынтыктады.

  • ПРОФЕССОР  А.С. САТЫВАЛДИЕВ ХИМИКТЕРГЕ  ОНЛАЙН КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРДҮ