AVN







САПАТТУУ БИЛИМ БАШАТЫ – БАКЧА

САПАТТУУ БИЛИМ БАШАТЫ – БАКЧА
 Jun 5, 2020  714

ЖАКтын Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш ПЦКсы тарабынан 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Сапаттуу билим башаты – бакча” аталышындагы аралыктан (онлайн) тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго

Орусбаева Т.А. - п.и.к., доцент, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультети Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасы;

Толоев М.Ж. – И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин директору;

Махмуд Вурал – Кыргыз-Түрк Манас университетинин кесиптик жогорку мектебинин мудуру, доцент;

Сагынбаева Р.Т. - Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин кафедра башчысы;

Калыкова К.Т. - И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары;

Жаныбекова Г.Ж. - И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин окутуучусу;

Калдарбекова Г.Ч – “Сантлат-Эне” балдар бакчасынын жетекчиси жана ошондой эле көптөгөн бала бакчаларынын жетекчилери, педагогика  кафедрасынын профессордук-окутуучук курамы катышты.

 

         Тегерек столду ЖАКтын директору п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева ачып, ал өз сөзүндө катышуучулардын жай айынын биринчи күнү менен кызуу куттуктап андан ары тегерек столдун жүрүшүнө ийгилик каалады жана чакырылган конокторго сөз берди.

         Тегерек столдо “Балдар – биздин  келечегибиз, алар үчүн татыктуу билимди бакчадан баштоо керек. Ошондуктан азыркы мезгилде балдар бакчасынын тарбиячыларын жогорку компетенттүү адистерди даярдоо” деп ал милдетти аркалаган жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери айтса.

         Мектепке чейинки билим берүү уюмунунун жетекчилери же болбосо биздин иш берүүчүлөр бүгүнкү жакшы окуган студент эртеңки мыкты адис экендигин белгилеп, ушул чөйрөдөгү адистерди даярдоодо эң көп токтоло кетчү жагдайларды, практика маселелерин баса белгилеп өтүштү.

         Ошентип, тегерек столдун жүрүшүндө МЧББ адистигинин даярдоодогу көйгөйлөр жетишкендиктер жана башка маселелер кеңири каралды. Мындан ары И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжи жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин кесиптик жогорку мектеби менен байланышты мындан да күчөтүү жагы каралып, окуу пландарын бирдей түзүү пландаштырылды. 

  • САПАТТУУ БИЛИМ БАШАТЫ – БАКЧА