AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Jun 4, 2020  673

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн   " Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер " ПЦКсынын "МЧББк-СРк-2-19" тайпасынын куратору Кыбыраева Мейликандын демилгеси менен ата-энелер жыйыны онлайн аркылуу болуп өттү.

 Чогулушка ЖАКтын тарбиялык иштер боюнча жетекчиси Абдурахимов Н. МЧББ жана СИ ПЦКсынын жетекчиси Ташматова А. катышышты.

Куратор Кыбыраева М. алгач күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырды.

ЖАКтын тарбия иштер боюнча жетекчиси Н. Абдурахимов өз сөзүндө бүгүнкү   болуп жаткан кырдаалдар туурасында  кенен токтолуп, ага карабастан студенттердин билим алуусу үзгүлтүккө учурубай, өз убагында болуп келгенин айтып өттү. Ошондой эле жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билим алуунун башкача баскычтарын өздөштүрө алышканын баса белгиледи.
“МЧББ жана СИ"адистигинин жетекчиси А.Ташматовага берилди. Онлайн режиминдеги сабактар жөнүндө, студенттердин сабактарга катышуусу боюнча баяндап берди. Окуу төлөмдөрү  боюнча да айта кетти.

AVN,KELBIL порталы боюнча студенттер аны менен иштей билүүсү тууралуу, сынак китепчесинин толтурулушу боюнча маалыматтар берилди.

Тайпадагы окуудагы, тарбиялык иштердеги жакшы жетишкендиктер туурасында, азыркы кырдаалга тиешелүү иш-чараларды видео-ролик аркылуу жеткирилип жатат.

Чогулуштун аягында ата-энелер окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ