AVN







КОНОК ЛЕКЦИЯ

КОНОК ЛЕКЦИЯ
 May 30, 2020  775

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине Кыргызстан тарыхынын булактаануусу жана тарыхнаамасы боюнча белгилүү адис, профессор Ж.Б.Алымбаев  тарыхчыларда конок лекциясын окуду.

Учурда онлайн конок лекциялардын тизмеги өрүш алганы байкалууда. Буга чейин Тарых кафедрасынын башчысы доцент Э.А.Авазов ОГПИнин Тарых кафедрасынын таклиби менен азаттык күрөштөрү  боюнча  дарс окуп берген болуучу. Бул саамалык улантылып келүүдө. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Тарых кафедрасы тарабынан уюштурулган конок лекцияда булактаануу жана тарыхнаама боюнча адистердин бири Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн башчысынын м.а.тарых илимдеринин доктору, профессор Алымбаев Жээнбек Байыскулович болуп, «Кыргыз таануу маселелеринин жаралышы жана өнүгүү багыттары (XVIIк. экинчи жарымы-XX к. башы)» деген темада тарыхчы студенттерге дарс окуду. Ага кафедранын окутуучулары, окумуштуулары, айрым кафедралардын башчылары, изденүүчүлөр жана тарых эмес профилдеги студенттер, ошондой эле башка ЖОЖдордун тарыхчылары да катышышты.   Эске салсак, профессор Ж.Б.Алымбаев инсан таануу багытына салым кошкон тарыхчылардын бири болуп саналат. Анын тарых сүйүүчүлөргө «Нүзүп-бий» (Б., 2001), «Кокон хандыгы жана Нүзүп миңбашы»(Б.,2015) аттуу эмгектери, «Алай ханышасы» орустарыхнаамесинде (XIX к. и XXк. башы), «Кыргыз элинин келип чыгышыXVIII –XIXкылымдардагы орус тарыхнаамасында» ж.б. макалалары мененбелгилүү. Бүгүнкү күндө анын жетекчилигинде бир топ илимдин кандидаттары даярдалган жана даярдалып келүүдө.Алгач конок лекцияны ачып берүүүчүн алгы сөз алган Тарых кафедрасынын башчысы доцент Э.А.Авазов катышуучуларга профессор Ж.Б.Алымбаев тууралуу кыскача маалымдап, онлайн сабактын  коногуна ыраазчылык билдирди. Сабактын жүрүшүндө профессор Ж.Б.Алымбаев кыргыз тарыхнаамасындагы кыргыз таануу маселелеринин калыптанышы жана анын өнүгүшүнө токтолуп, аталган маселенин айланасындагы изилдөөлөр боюнча маалыматтарды берди.  Кыргызстан менен коңшу мамлекеттердин тарыхынын орток мурасы болуп саналган «Туркстан жыйнагы»тууралуу кеңири сөз болуп, аталган эмгектин  Кыргызстандын тарыхы боюнча маанилүү тарыхый булак катары пайдаланылып келе жаткандыгына токтолду.

Соңунда окутуучулар, изденүүчүлөр жана студенттерди кызыктырган бир топ суроолорго жооп берди жана жаштарды илим жаатына тартуудагы көйгөйлөр боюнча өз оюн бөлүштү. Кыргызстан тарыхынын тарыхнаамасы жана булактаануусу боюнча болочок тарыхчыларды даярдоодо кыргыз тилиндеги окуу китептерин даярдоо ишин колго алуу керектигин белгилеп, жаштарды башка тилдердеги, алсак кытай, араб, перс ж.б.  тарыхый булактарды изилдей ала турган адис болуулары керектигин айтып өттү. Жыйынтыгында мындай саамалыкты улантуу тууралуу катышуучулардын ой-пикирлери айтылды жана кафедра башчысы тарабынан лекторго дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыктоо учурунда профессор Ж.Б.Алымбаев мындан ары да кызматташууга даяр экендигин айтып, кафедранын ишине ийгиликтерди   каалады. Конок лекциянын программасын шөкөттөө жана модераторлук ишин кафедранын окутуучусу М.К.Умарова алып барды.

  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ