AVN







ХИМИКТЕРДИН КУРСТУК ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ

ХИМИКТЕРДИН КУРСТУК  ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ
 May 29, 2020  663

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын Х-1- 18 жана          Х-1-19 тайпасынын студенттери  Табигый илимий билимдерди окутуунун усулу, Органикалык химия, Аналитикалык химия предметтеринен курстук иштерин zoom платформасы аркылуу онлайн коргошту.

         Студенттер курстук иштеринин электрондук варианттарын электрондук почта, телеграмм, вотсап аркылуу жетекчилерине жөнөтүшүп, алардын пикирлерин угуп, түзөтүүлөрдү киргизип турушкан.

         Курстук иштерди коргоого тайпадагы бардык студенттер жана алардын жетекчилери, окутуучулар катышышты.  Курстук иштерди коргоодо ар бир студент иштин актуалдуулугун, максатын, милдеттерин, алынган жыйынтыктарды презентация түрүндө конференциянын катышуучуларына баяндап беришти. Ошондой эле берилген суроолорго жооп беришип, активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

         Курстук иштерин коргоодо Х-1-18 тайпасынан Исабаева Сураё, Исабаева Нигора, Х-1-17 тайпасынан Эркинбек кызы Гулнур, Султанбек кызы Гүлбахар, Абдимиталипова Шайыргүлдөр тарабынан даярдалган жумуштар кызыгууну жаратып, башка студенттерден айырмалана алышты.

         Курстук иштерди коргоо эки күнгө созулду, жыйынтыгы окутуучулар тарабынан AVN системасы аркылуу бааланды. 

  • ХИМИКТЕРДИН КУРСТУК  ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ
  • ХИМИКТЕРДИН КУРСТУК  ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ
  • ХИМИКТЕРДИН КУРСТУК  ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ
  • ХИМИКТЕРДИН КУРСТУК  ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ