AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 May 29, 2020  629

Жалал-Абад колледжи Табигый-техникалык бөлүмүнүн, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын 2- курстары БАСк-2-18, БАСк-3-18, ПОВТАСк-01-19 тайпаларынын ата-энелери менен жыйналышы онлайн түрүндө Jitsi Meet тиркемеси аркылуу болуп өттү. Жыйналыш  кураторлор Калдарова Д., Сатимбаева А., Самиева Ж. тарабынан өткөрүлдү.

Жыйында ПЦК башчы сөз сүйлөп катышып берген ата-энелерге ыраазычылык билдирип, студенттердин онлайн сабакка катышуу, жетишүүлөрү тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле ар бир ата-эне балдарынын терең билим алуусу үчүн  кураторлор менен тыгыз байланышта болууларын белгилеп өттү.

Кураторлор студенттерди сабактарга кызыгуусун арттыруу үчүн ата-энелер жана окутуучулар тарабынан көзөмөлгө алынуусу учур талабы  экендиги айтылды.