AVN

Жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

Жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практиканын жыйынтыктоочу конференциясы
 May 28, 2020  643

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Физика-математикалык билим берүү багытынын Информатика профилинин 4-курсунун студенттеринин кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференция жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен Zoom платформасында өттү. Жыйынтыктоочу конференцияга факультеттин деканы филос.и.к.Р.Шамшиев, ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн адиси Н.Жолдошалиева, мектеп жетекчилери, предметтик мугалимдер катышышты.Шартка байланыштуу, практика онлайн режиминде болду. Аксы районуна караштууШ. Тойматов атындагы Иринжит  №7 жалпы орто билим беруу мектебинин директору Тойматова ДамираШакиевна билим берүүдөгү жаңы технологияларды студенттер жакшы өзлөштүргөндүгүн белгилеп, жалпы кафедра жамаатына жана ЖАМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, тайпанын студентти, практикант  Алымкул кызы Даткайымды ошол мектепке ишке бөлүштүрүүнү сунуштады.Ошондой эле предметтик мугалимдер түзүлгөн кырдаалда Информатика мугалиминин ролу өтө бийик болгонун, практиканттар мектеп администрациясына, мугалимдерге чоң жардам көрсөткөнүн белгилешти. Ар бир студент электрондук түрдө өздөрүнүн жасаган презентациялар,  видеосабактар, класстык сааттар,окуучулар менен болгон кайтарым байланыш жөнүндө токтолушту. Интернет булактарына жайгаштырылган материалдардын шилтемелери көрсөтүлдү.  Конференцияны кафедра башчы т.и.к. Г.Маматова жыйынтыктады.

  • Жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практиканын жыйынтыктоочу конференциясы