AVN







ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
 May 26, 2020  637

Табигый-техникалык факультетинин 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын Химия профили боюнча билим алып жатканХ-1-19, Х-1-18 тайпаларынын студенттери өздөрүнүн өндүрүштүк практикаларынын онлайн  конференциясын өткөрүү менен жыйынтыкташты.

Онлайн конференцияны кафедра башчысы Н.Б. Арстанбекова ачып, катышуучуларды конференциянын программасы менен тааныштырды. Практиканын жыйынтыктоочу конференциясынын  ишине ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн адистери Н.С.Жолдошалиева,   Ч.М.Бабакулова,   өндүрүштөгү жетекчилердин атынан Жалал-Абад шаарындагы Петролеум Компани нефтини кайра иштетүүчү заводунун кызматкери Т.М.Кожобековдор  катышышып,  өзгөчө шартта өтүлгөн практика жөнүндө өз пикирлерин билдиришти.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер Жалал-Абад областында жайгашкан өндүрүштүк ишканалар жана анда жүргүзүлүүчү химиялык анализдер жөнүндө презентацияларды көрсөтүү аркылуу айтып беришти. Практика учурунда студенттер өндүрүш жетекчилери:  Жалал-Абад шаарындагы Петролеум Компани нефтини кайра иштетүүчү заводунун кызматкери Т.Н.Кожобеков, Жалал-Абаддагы стандартизация жана метрология борборунун адиси А.Мадалиевалар тыгыз байланышта болушуп, алар тарабынан көрсөтүлгөн химиялык анализдер боюнча кайтарым байланыш жүргүзүп турушту.

Ошондой эле студенттердин практика жетекчиси Н.Маматураимова студенттердин өзгөчө шарттагы практикасынын өтүлүшү, студенттердин тапшырылган иштерге жоопкерчиликтүү менен мамиле жасашкандыгына токтолду.

Конференцияны кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова жыйынтыктады, ал эми студенттердин отчеттору электрондук Word,pdf, видеоформаттарында атайын папкага жүктөлүп, кафедрага тапшырылып, AVN системасы аркылуу бааланды.

  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ